26 пансионат туристтик сезондо иштебей калуу коркунучунда (видео)

947

Ысык-Көлдөгү 26 эс алуу жайы туристтик сезондо иштебей калуу коркунучунда турат. Себеби ал пансионаттарда саркынды сууларды тазалоочу жабдуулардын жоктугунан көлдүн суусу булгануусу ыктымал. Ага кошумча, эс алуу жайларга алып барчу жолдордун абалы өтө начар. Транспорт министрлиги Көчмөндөр оюнуна карата оңдолуп жаткан трасса да туристтик сезонго толук даяр болооруна көзү жетпей турат. Себеби убагында каражат бөлүнбөй, кышы менен бул жерде иш жүргөн эмес. Бул маселелер «Республика — Ата Журт» фракциясынын — Ысык-Көл областында өткөн көчмө жыйынында айтылды. Отурумда мындан тышкары, коррупция, мыйзамсыз аңчылык тууралуу сөз болду. Көйгөйлөрдүн баары каражат маселесине такалат, дешет жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү.