26-январдан тарта Кара-Кечеде көмүр казуу токтотулду

859

Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун айтымында, катуу суукка байланыштуу кара алтын өндүрүү токтогон. Бирок башка кендерде көмүр казуу улантылууда.

Отун тартыштыгы келип чыкпаш үчүн буга чейин көмүрдүн запасы даярдалып, Балыкчыдагы базага 2 миң тонна жеткирилген. 26-январдан бери Кара-Кечеде абанын температурасы минус 45 градуска чейин түшүп, техника тоңуп иш жүргүзүү болбой калган.

Карьерде казуу иштери 1-февралдан тарта жандандырылат.