26 жаштагы Жамиля боорукер инсандардын жардамына муктаж (видео)

865

Көп түкүрсө — көл болот. 26 жаштагы Жамиля Кубатбек кызы боорукер инсандардын жардамына муктаж. Мекендешибизге мындан эки ай мурда айыкпас илдет жабышып, гемодиализге түшүп калган. Ал өнөкөт бөйрөк оорусуна Түркияда иштеп жүрүп кабылган. Учурда Жамиля өз мекенине кайтып келип, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ак халатчандар жаш кыздын бөйрөгүн алмаштыруу зарыл экендигин айтышууда. Операция Түркияда жасалып, ага 50 миң доллар керектелип жатыптыр. Бирок үй-бүлөнүн мындай сумманы чогулутууга чамасы жетпейт. Кызынын сакайып кетиши үчүн ата-энеси болгон мал-мүлк, оокат-жайын сатышкан. Бирок ал каражат операциянын жарымына дагы жетпейт экен.