27 жыл мурдагы туңгуч Конституцияга кайтуу керекпи? (видео)

1683

27 жыл мурдагы туңгуч Конституцияны кайтарып келүү керек. Өздөрүн «Комитет 93” атаган кыймыл дал ушундай сунушу менен чыгууда. Анын мүчөлөрүнүн айтымында, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери, улам бир мамлекет башчысы бийлигин бекемдеш үчүн өзүнө ылайыкташтырып баш мыйзамды өзгөртүп келген.

Ал эми 1993-жылы кабыл алынган башкы документ мамлекетүүлүктү түптөш үчүн кабыл алынган, дешет алар. Туңгуч Конституцияга кайтып келүү учурдагы саясий кризистен чыгууга да жакшы өбөлгө болору белгиленүүдө.