28 адамдын өлүмүнө ким күнөөлүү? (видео)

948

Мас айдоочулардын айынан болгон жол кырсыктары көбөйүүдө. Былтыр кызуу абалында унаа башкаргандардын катышуусунда 214 авария катталса, быйыл бул көрсөткүч 253кө жетти. Акыркы жети айда мас айдоочулардын айынан 28 адам ажал тапкан. Мындан улам, Ички иштер министрлиги арак ичип унаа айдагандарга карата жазаны катаалдаштырууну сунуштады. Буга ылайык, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы оор кылмыш катары саналат. Азырынча аталган документти жүзөгө ашыруунун механизмдери толук иштелип чыга элек.