3 адамдын өмүрүн алган темир жолдогу кырсыктын себептери (видео)

772

Кырсык катталган темир жол өтмөгүнө шлагбаум орнотулбайт. Бул туралуу Темир жол башкармалыгынан билдиришти. Алардын айтымында, мындай тосмолор калк жайгашкан аймактарда гана коюлуга тийиш. Ал эми Москва районундагы автожол менен темир жолдун кесилиши ээн аймакта болгондуктан, ал жерде жарык жана үн менен белги берүүчү жабдыктар коюлган.

Адистердин билдиришинче, темир жолдогу кырсыктар негизинен адамдардын өздөрүнүн жоопкерчиликсиздигинен улам келип чыгууда. 3 адамдын өмүрүн алган кырсык дагы айдоочунун катасынан улам болушу мүмкүн деп белгиленүүдө.