3 баланын энесин сабагандар кармала элек (видео)

5403

Бейтааныш адамдан таяк жеген келин адилеттүүлүк издейт. 3 баланын энеси Күмүш Мадишова Бишкектеги кафелердин биринин күзөтчүсүнүн ур-токмогуна кабылганын айтууда. Жабырлануучу ал жакка жолдошу жана кесиптештери менен барып көңүл ачуучу жайдан чыгып баратканда сабалган.

Айтымында, кафе кайтаргандар аны башка улуттун өкүлүн жандап жүрөсүң деп атырылып, катуу ур-токмокко алган. Жубайына болушууга аракет кылган күйөөсүн 3-4 олбурлуу жигит кармап турган.