3 баласы менен көчөдө калган мед.кызматкер жардамга муктаж (видео)

5544

Жай айларында болгон апаат күндөрү «кызыл зонада» жан аябай иштеген медкызматкер жардамга муктаж. Ал ижара алып жашаган батир 4 күн мурда өрттөнүп кетип, 5 кишиден турган үй-бүлө көчөдө калган.

Капыстан келген кырсыкта 3 баласынын аман калганына топук кылган ак халатчан учурда жубайы менен тууган-туушкандарынын үйлөрүндө баш корголоп жатышат. Батирди онңоп-түзөп, баштапкы калыбына келтирип ээсине кайтарып берүү үчүн эле 500 миң сом каражат керек экен. Ал акчаны кайдан таап, кимге барарын билбей турган учуру.