3 баласынан ажыраган ата-эне, Россияда ташталган 85 кыргыз ымыркай (видео)

805

Саясат, бийлик, акча деп жүрүп келечек муун, балдар каралбай бараткандай таасир калтырууда. Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук фактылары көбөйгөнү жанды кейитет. Бөбөктөргө байланыштуу суук кабарлар биринин артынан экинчиси тарап жатат. Бишкекте 12 жаштагы кыз энесинин аракеч таанышы тарабынан зордукталды. Өткөн аптада болсо, ага-ини дааратканага түшүп кетип, ажал таап, жакындары кан жутуп калышты. Өлкө бир туугандарга кайгырып жатканда, дагы бир мектеп окуучусу болбогон жерден эле автобустун дөңгөлөгүнүн астында калып мерт кетти. Акыркы эки окуяны кырсык дешибиз мүмкүн, бирок кыраакылык кылсак балким чырактай балдардын өмүрү сакталып калаар беле.

Кыргызстанда кыстаган турмуштун айынан мигранттардын балдарынын жаңы мууну пайда болууда. Алар өз ата-энелеринен ото алыс чоңоюп, туугандары тарабынан тарбиялангандар. Миграциянын кесепетинен чет өлкөдө төрөлүп ташталган ымыркайлардын ыйы дагы жүрөктү өйүтпөй койбойт. Акыркы сегиз жылдан бери өкмөт Россияда кыргыз кыз-келиндер төрөп таштап кеткен наристелерди бул жакка алып келип жатат. Мындай балдардын келечегин элестетүү оор.

Албетте, балага зар үй-бүлөлөр багып алса, бөбөктөр ата-эненин мээримин алып, тарбия көрүп чоңоюшат. Ал эми асыроого алынбагандарычы? Балдар үйүндө тарбияланып, жашы жеткенде өз алдынча оокат кылууга кадам ташташат. Бирок баары эле турмушта ордун таап кете алышпайт. Учурда балдар колониясында жазасын өтөп жаткан өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгүн балдар үйүнөн чыккандар же ата-энеси алыста иштеп жүргөн мигранттардын уул-кыздары түзөт. Мунун баары улуттун кайгысы.