№ 3 балдар ооруканасынын дарыгерлери ишке чыкпай коюуга белсенишүүдө

4072

Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасынын айрым дарыгерлери ишке чыкпай коюуга белсенишүүдө. Буга кол салууга учураган дарыгердин жумуштан кеткени себеп болгон. Ал наристесин дарыгерлерге көрсөткөнү келген келиндин дооматынан кийин иштен кетүү тууралуу арызын жазган.

Эске салсак, ооруканадагы окуя тууралуу видео 2 күн мурда социалдык тармактарга жарыяланды. Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген рецебине макул болбой, клиниканын кызматкерлерине кол көтөрүп, ыплас сөздөр менен тилдеген. Бул окуядан кийин келин менен урушуп кеткен дарыгер өз коопсуздугу үчүн жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.