3 күн ичинде эле беткапчан адамдар кол салган 2 факты катталды (видео)

2353

3 күн ичинде эле Чүй жана Бишкекте беткапчан адамдар кол салган 2 факты катталды. Алардын бири — адам өлүмү менен аяктады. Каргашалуу окуя 29-ноябрда Чүй областынын Төмөнкү Ала-Арча айылында катталган. Белгисиз 4 адам үйгө кирип барып 19 жаштагы жигитке бычак менен кол салган. Жабырлануучу эсине келбей көз жумган.

Беткапчандар кол салган факты 26-ноябрда Бишкек шаарындагы банктардын биринде да катталып, кылмышка шектүүлөр ири суммадагы акчаны уурдап кетишкен. Ушул окуялардан кийин, Ички иштер министрлигинин криминалдык абал көзөмөлдө дегенине ишенүүгө болобу?