3 областка жаңы прокурорлор дайындалды

1036

Ага ылайык, кечээ Башкы прокурордун орун басарынын кызматынан кеткен Бөкөнбай Казаков, Ош областына Айбек Турганбаевдин ордуна областтын көзөмөл органын жетектеп барды.

Өз кезегинде Турганбаев Жалал-Абад областынын прокурору болуп шайланды. Бул кызматты азыркы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ээлеп турган болчу. Ал кеткенден кийин, анын орду бош турган.

Ошондой эле, Бакыт Кетиренов Нарын областынын прокурору болуп шайланды. Бул кызматты кечээ башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган Нурлан Дарданов ээлеп турган болчу.