3 судья боюнча арыз Тартип комиссиясында каралат (видео)

481

Коррупционер Насырбек Алмаматов Интерпол аркылуу издөөгө жарыяланды. Эми ал КМШнын аймагында гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан изделе баштайт. Ал эми коррупциялык схема түзгөнү үчүн 12,5 жылга соттолгон Насырбек Алмаматовдун жазасын айыпка алмаштырган 3 судья боюнча арыз Жогорку соттун алдындагы Тартип комиссиясында ушул жума күнү каралганы турат.

Тиешелүү кайрылуу «Коомдук анализ институту» коомдук бирикмеси тарабынан 2 ай мурда эле берилген. Адистердин айтымында, аталган фемида өкүлдөрү нормаларды одоно бузуу менен чечим кабыл алышкан.