3 жолу эгиз төрөгөн 7 балалуу жаш эне (видео)

694

Өзү 26 жашта болсо дагы 3 жолу эгиз төрөп, жаш экенине карабай 7 балалуу болгон эне. Бирок бул үй-бүлө учурда туруктуу жашай турган үй-жайы жок болгондуктан, батирден батирге көчүп, күн кечиришүүдө.

Жаш эне жолдошу курулушта иштеп, тапканы тамак-аштарына араң жетип жатканын айтат. Ошондой эле, буга чейин балдарына мамлекет тарабынан берилген жөлөк пулду алып келишсе, кечээ жакында андан дагы куру жалак калышкан. Андыктан жаш ата-эне мамлекеттин көмөгүнө муктаж.