3 жолу эгиз төрөгөн эне жардамга муктаж. Жанга баткан жакырчылык (видео)

555

Өлкөдө жарандардын жакырчылыктан чыкпай жатканынын бирден бир себеби жалкоолук жана ысырапкорчулук деп келишет. Колубузда жок болсо дагы, насыя ала коюп тойлорду дүңгүрөтө өткөрүп, мактаныш үчүн кереги жок иштерге акчаны болушунча чачабыз. Каражатты сарамжал пайдаланууну мамлекеттик деңгээлде үйрөнсөк туура болот эле.

Талдоочулар акча үнөмдөөнүн бир жолу мамлекеттик органдарды ирилештирүү дешет. Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлерге бай өлкөлөрдүн бири. Азыр элди 27 миңге жакын аткаминер башкарат. Аларды кармоого канча акча кеткенин эсептебесек деле оңой эмес сумма экени түшүнүктүү.