3 жылдан бери эгиз кыздарын таппай жүргөн ата (видео)

611

Өзгөн районунун тургуну 3 жылдан бери эгиз кыздарын таппай издеп келет. Жеңишбек Шамурзаев мындан төрт жыл мурда Россияга иштегени кетип, кичүү кыздарын балдар үйүнө убактылуу калтырып кеткенин айтат. Бир жылдан кийин үй-жайлуу болуп, кыздарын алайын деп балдар үйүнө барса, эгиздер ал жерде жок болуп чыккан.

Жеңишбек Шамурзаевдин айтымында, алардын үй-бүлөсүнө кабарлабастан туруп, аны ата-энелик укуктарынан ажыратып, балдар үйүндөгү эгиздерди белгисиз адамдарга асырап алууга берип койгон. Кыздарын издеген ата үч жылдан бери тийиштүү мекемелерге кайрылып, бирок азыркыга чейин балдарын кайтара албай убара.