3 жылдан бери оору менен күрөшүп жаткан бейтап (видео)

752

29 жаштагы Айымкүл Мусакеева 3 жылдан бери өнөкөт бөйрөк илдети менен катуу жабыркап келет. Бейтап учурда жумасына 3 жолу гемодиализ аппаратына канын тазалатып турууга аргасыз.

Дарыгерлер ага тезинен бөйрөгүн алмаштыруу зарылдыгын айтышкан. Чет өлкөдө жасала турган операцияга 35 миң доллар зарыл. 3 баланын энеси Айымкүл каражаттын жетишсиздигинен улам коомчулуктан жардам сурап кайрылууда.