30 миң сом пара менен кармалган тергөө бөлүмүнүн башчысы абакка киргизилди

2778

Пара менен кармалган Бишкек шаардык милициясынын жол кырсыктарын иликтөө боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы №1 тергөө абагына киргизилди. Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, дал ушундай чечим кабыл алынган. Бул туурасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Буга чейин бир жаран Финполицияга кайрылып, Бишкек милициясынын жол кырсыктарын иликтеген бөлүмдүн башчысы жана тергөөчү кызмат абалынан пайдаланып, жөө адамды сүзүп кеткен ишти сотко чейинки тергөөгө жеткирбей бүтүрүп беребиз деп 1000 доллар талап кылганын билдиргени маалым болгон.

Айдоочу жабырлануучунун бардык материалдык жана моралдык чыгымдарын төлөп, ал тосмо арыз жазган. Бирок тергөөчүлөр акча талап кылып, айып аянтчасына токтотулган унааны берүүдөн баш тартышкан. Көп узабай, тергөө бөлүмүнүн башчысы 12-декабрда кечке жуук 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.