30 жаран тайгак жолдордун кесепетинен жабыркаган (видео)

876

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы 24-январга чейин сакталат деп күтүлүүдө. Адистердин айтымында, бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында кар калың түшөт. Ал эми Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдүн баарын күрөп жетишпей жатышат. Өткөн жолку калың кар жааганда, шаар өз убагында тазаланбай, айдоочулар менен кошо жөө жүргүнчүлөргө да кыйынчылыктар жаралган. Мындан улам, калаа бийлиги тарабынан «Тазалык» ишканасынын жетекчилигине сөгүш жарыяланган. Андан бери абал кандай өзгөрдү?