30 жаштагы киши өзү ала качып бараткан кызды бычактап салды

1787

Окуя Чүй областынын Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө болгон. Кечээ түнкү саат 10дор чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына кызды ала качуу фактысы боюнча арыз келип түшүп, милиция издөө иштерин баштаган.

Көп өтпөй Сосновка айылындагы өткөрмө бекеттен “Субару” унаасы токтотулуп, анын ичиндеги айдоочу, 20 жаштагы кыз жана 30 жаштагы шектүү Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Тартип сакчылары тиешелүү документтерди толтуруп жаткан учурда, ала качкан киши жарандарды кабыл алуучу жерде отурган кызга кирип барып, бөлмөнү ичинен кулпулап алган. Ал жактан катуу кыйкырыктар чыкканда, милиция кызматкерлери эшикти талкалап кирип, жерде канжалап жаткан кызды көрүшөт.

Көп өтпөй кыз алган жараттарынан улам көз жумган. Кызды ала качкан кылмышка шектүү адам өзүнө дагы кол салып, ал учурда оор абалда ооруканада жатат. Бул факты боюнча «адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.