30 жылдан бери оңдолбой келген Куурчак театры (видео)

1247

Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры оңдоп түзөөгө муктаж. Маданий мекеменин имараты көп жыл мурда курулуп, анда бир дагы жолу капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес. Күзүндөгү жаан-чачын күндөрү театрдын шыбынан суу агып, дубалдарын көгөрө баштаган.

Бирок буга карабастан куурчак театрынын жамааты өз ишмердүүлүгүн улантып келишет. Бүгүн театр кезектеги спектаклин, Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык «Кылым каарытар бир күн» романынан «Найман эне» үзүндүсүн сахнага алып чыкты.