3000 сомдук көмүр эмнеге сатылбай калды? (видео)

1897

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери бир жумага токтотулду. Бул тууралуу көмүр ташуучулар билдиришти. Ага ылайык, аталган обьекттеги тазалоо иштери жүрүп жатыптыр. Ал кийинки дүйшөмбүгө чейин уланат экен.

Ал арада Бишкек шаарында кайрадан кара отунга болгон тартыштык жарала баштады. Учурда тоннасы 3 миң сомдон сатылган көмүр кампаларында отун таптакыр калбай калса, айрым жайлар акыркыларын сатууда. Арзан көмүр алам деп кезек күткөндөр болсо кимге кайрылаарын билбей убара.