31-декабрда борбордук аянтта кандай сюрприз болот? (видео)

971

Жаңы жылды тосууга Бишкек шаарынын мэриясы бир ай мурда камылга көрө баштаган. Бул күнкү майрамдык шоу концертти даярдоо үчүн 1000ден ашуун артисттер, костюмерлер, техникалык кызматкерлер аракет жасады. Андыктан өзгөчө шоу болоору күтүлүүдө. Бул күнү балдар үчүн майрамдык оюн-зоок күндүз саат 12.00де башталып, түшкү 2-3кө чейин уланат. Ал эми кечки концерт саат 20.00дөн тартып түнкү 12.00ге чейин болот. Жаңы жыл түнү коомдук транспорт эл тараганча иштейт.