326 айылдын эли телевизор көрө албай калды (видео)

973

Өлкөдөгү 326 калктуу пунктка санариптик сигнал жетпейт. Бул Кыргызстан элинин 5 пайызын түзөт. Учурда санариптик телеберүү менен калктын 95 проценти камсыз болгон. Бул тууралуу журналисттер үчүн өткөрүлгөн пресс-турда айтылды. Кыргызстанда аналогдук телеберүү 2017-жылдын 15-майында өчүрүлгөн. Ошол күндөн тарта, социалдык баштыкчадагы 13 телеканалдан тышкары, коммерциялык пакеттеги 18 каналды көрүп жатышат. Заманбап берүүгө өткөндөн бери көрсөтүүнүн сапаты кыйла жакшырды, дешет адистер. Бирок ушул күнгө чейин жарандардан арыз-даттануулар түшүп турат.