34 жаштагы таксист 25 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

719

Москва районунун Беловодск айылынын 25 жаштагы тургунун зордуктоо аракетине 34 жаштагы таксист шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-январда Чүй облусунун 25 жаштагы тургунунун арызы катталган. Ал «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаа айдаган белгисиз таксист аны Москва районунун Садовое айылынан зордуктоого аракет кылгандыгын билдирген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Чүй облусунун 34 жаштагы тургуну кармалды.

Бул факты боюнча “зордуктоого аракет кылуу беренеси” боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Соттук экспертизалардын жыйынтыгы боюнча андан аркы аракеттер каралат. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.