350 миң сом пара талап кылган УКМК кызматкери кармалды

922

Маалыматты Аскер прокуратурасынан тастыкташты. Кылмышка шектүү текшерүүнү токтотуу үчүн доолаган акчанын 50 миң сомун алып жатканда кармалган.

Атайын операция Аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк кызматы тарабынан жүргүзүлгөн.

Аталган факты Бирдиктүү реестрге катталып, ал эми пара алып жатканда кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизондук гауптвахтасына киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.