37 млн долларды төлөө мөөнөтүн узартуу чечимин премьер-министр кабыл алат

987

«Лигласс» компаниясы 37 миллион долларды төлөө мөөнөтүн узартууну суранып өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, ишкана күтүүсүз жагдайлардан улам каражатты өз учурунда которо албай жатканын билдирген. Чехиялык инвесторлор канча убакытта акча табаа алаарын ачык айтышкан эмес.

Бул боюнча акыркы чечимди премьер-министр кабыл алат. Дүйшөнбек Зилалиевдин пикиринде, «Лигласс» компаниясы 37 миллион долларды төгө албашы айкын болуп калды. Анткени акчасы бар болсо эмдигиче которушмак. Келишимге кол коюп жатканда ушундай жагдай түзүлөөрүн андаган эмеспиз, деп актанат аткаминээр.