39-жаштагы баатыр эне Зарипа Төрөбекова (видео)

1330

Балдарын 9 ай боюнда көтөрүп, багып чоңойтуп жана алардын түйшүгүнө бир гана эне чыдайт. Ал эми көп балалуу энелер бул түйшүктү көбүрөөк тартышат. НТС телеканалы Энелер күнүнө карата сюжеттердин түрмөгүн баштайт.

Бүгүнкү каарманыбыз 39-жаштагы Зарипа Төрөбекова жакында «Баатыр эне» орденин алуу алдында турат. Анын күнү 7 баласына тамак жасоо, мектепке, бала-бакчага жөнөтүү менен өтөт.