4 адамдын өлүмүнө себепкер айдоочуга жаза чектеле элек (видео)

817

Мас абалында рулга отурган айдоочуларга карата жазаны канчалык күчөтүү керек? Ичип алып машине башкаргандардын кесепетинен набыт болгондордун саны соңку мезгилде көбөйүүдө. Өткөн аптада жүргүзүлгөн рейддин натыйжасында мас абалында машина айдап баратып 37 айдоочу кармалган. Чынында алардын саны мындан да көп болушу ыктымал. Быйылкы тогуз айдын ичинде мас айдоочулардын кесепетинен 356 кырсык катталган. Азыркы мыйзамдарга ылайык, мас абалында рулга отургандарга 10 миң сом айып салынат же 2 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Мындай жазаны өтө жеңил деп эсептегендер чараны катаалдатуу керектигин айтышууда.