4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы иликтенүүдө

794

4 адамдын өмүрүн алган автокырсык боюнча күбөлөр суралып, видео жазуулар чогултулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ИИБинин тергөө кызматынан билдиришти. Алар кырсык болордун алдында жолтандабас башка унаа менен куушуп бараткан деген маалымат туура эмес экенин айтышууда.

Эске салсак, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон жол кырсыгынын себептерин так аныктоо, объективдүү иликтөө үчүн окуянын күбөлөрү изделип жатканын билдиришкен.

Жол кырсыгы өткөн жекшемби күнү таңга жуук болуп, анда «БМВ» жана «Лексус» автонунаалары кагышып, кырсыкта 22-24 арасындагы 4 адам набыт болду. Бул жол кырсыгында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да жабыркаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Учурда Токобеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.