4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын областтык милиция иликтейт

617

Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы Бактуу-Долоноту айылында болгон автокырсыкты тергөө ишин областык милицияга өткөрүп берди. Бул туурасында аталган аймактык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда бул окуя коомчулуктун көңүл чордонунда болгондуктан, дыкат иликтөө үчүн тажрыйбалуу тергөөчүлөргө берилгени менен түшүндүрүлдү. Ал эми райондук тергөөчүлөр жаш, тажрыйбасы аз болгону белгиленген. Эми бул ишти оор кылмыш иштерин ачып жүргөн тажрыйбалуу тергөөчүлөр иликтейт», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында «Lexus» жана «BMW» автоунаалары кагышып, анын кесепетинен «BMW» унаасындагы төрт жигит каза болгон. Бул жол кырсыгында «Lexusта» келе жаткан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да жабыркаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.

Учурда 4 адамдын өмүрүн алган автокырсык боюнча күбөлөр суралып, видео жазуулар чогултулууда. Ошондой эле жол кырсыгынын себептерин так аныктоо, объективдүү иликтөө үчүн окуянын күбөлөрү да изделүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.