4 балалуу эне кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж (видео)

1751

Бишкек шаарында ижарага берилген батирде баш калкалап келген келин пандемиядан улам жумушсуз калганын айтууда. Мындан улам үй ээсине акчасын бере албай, карызга баткан. Бирок баарынан мурда 2 уулунун билим алуусуна шарт түзө албай жатканына ичи ачышууда.

Бироо — 3-класстын окуучусу. Анын аралыктан билим алуусу үчүн уюлдук телефону да, телевизору да жок болгондуктан, классташтарынан артта калууда. Ал эми 8 жаштагы баласы биринчи класска барышы керек эле. Тилекке каршы, аны да мектепке бере албай келет.