4-кабаттан секирген келинди мындай абалга ким жеткирди? (видео)

1408

Ошто 6 айлык баласы менен 4-кабаттан боюн таштаган аялдын абалы канааттандырарлык. Ал эми ымыркай башынан жарат алып, анын абалы оор. Бул кырсык кечээ күнү кечки саат бештерде Ош шаарында болгон. 40 жаштагы келин колундагы баласы менен жатакананын 4-кабатынан жерге секирген.

Ош шаардык милициясы бул окуяны «өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен каттаганы маалым болду. Ушуга окшогон окуя кечээ Бишкекте да катталып, Чыгыш-5 кичи районунда 53 жаштагы аял көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан боюн таштаган. Аял оор абалда ооруканага жеткирилди.