4 мугалимди коюп кеткен милиция кызматкери камакка алынды

1529

Аксы районунда автоунаасы менен төрт мугалимди коюп кеткен милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды.

Кырсык Кербен шаарында болгон. ВАЗ үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан тартип сакчысы машинаны башкара албай калып, жол четинде турган төрт адамды сүзгөн. Анын экөө ошол жерден жан берген. Ал эми бирөөнүн башы катуу жабыркап, азыркыга чейин эсине келе элек. Дагы бир кишинин буту сынып, учурда областтык ооруканада.

Кырсыктан 30 жаштагы мугалимдер каза тапты. Экөөнүн артында төрт бала энесиз калды. Алар Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектепте иштеп келишкен.

Кырсык боюнча Жалал-Абад областык милициясы тергөө жүргүзүп жатат.