4 мыйзам долбоору. Эл өкүлдөрү эмнени көздөөдө? (видео)

855

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын, аны өткөрүү тартибин өзгөртүүнү каалагандар көбөйүүдө. Буга байланыштуу төртүнчү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Буга чейин парламентте эки документ даярдалып, коомдук талкууга коюлган. Үчүнчү демилгени парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы көтөрдү. Ага ылайык, шайлоочулар эки бюллетень менен партияга жана партия көрсөткөн талапкерлерге добуш берет.

Дагы бир мыйзам долбоорун атайын жумушчу топ да иштеп чыккан. Анда чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын көбөйтүү, кош жарандыгы аныкталган эл өкүлдөрү менен аларды тизмеге кошкон партиянын жоопкерчилигин күчөтүү каралган.