4 өлкөгө жаңы элчилер жөнөтүлөт (видео)

781

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кытай, Россия, Түштүк Корея жана Америка Кошмо штаттарына жаңы элчилерди жактырды. Талапкерлердин баары кадрдык дипломаттар. Парламентарийлер аларга барган өлкөлөрүнөн инвестиция тартып, буга чейин айрым мамлекеттер менен солгундап калган эки тараптуу алакаларды жакшыртуу талаптарын коюшту.

Ошондой эле, депутаттар тышкы иштер тармагын жөнгө салуу боюнча бирдиктүү концепция жок экенин белгилешти. Дипломаттар муну моюнга алып, бул жаатта эми гана атайын программа иштелип жатканын айтышты. Талкуу учурунда айрым эл өкүлдөрү өлкөнүн аброюна шек келтирген элчилерди катуу жазалоо керектигин айтышты.