4 жаштагы бөбөктү бала бакчада ким сабаган? (видео)

9487

Бишкектеги Ала-Тоо конушунда жайгашкан бала бакчанын жетекчиси 4 жаштагы баланы урганы тууралуу келип түшкөн арыз боюнча териштирүү иши жүрүүдө. Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, бөбөктүн денесиндеги жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Баланын апасынын айтымында, уулун жеке менчик бала бакчанын жетекчиси башка чаап, дааратканага камап коркутуп, кулагы когоргончо бураган. Экинчи тарап анын айткандарын четке кагып, күнөөнү энесине оодарууда.