40 райондон тандалып алынган кыздардын таймашы (видео)

1372

Борбор калаада «40 кыз» долбоору башталды. Чыныгы кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды коомчулукка көрсөтүү максатында уюштурулган конкурс 3 күнгө созулат.

Бул аралыкта өлкөнүн 40 районунан чыккан кыздардын билим деңгээли, сулуулугу, турмуш тиричиликтеги жөндөмдүүлүгү сыналат. Жыйынтыгында алдыңкы орунду алгандарга демөөрчүлөр тарабынан баалуу сыйлыктар берилет.