400 миң сомду алдап, элди сызга отургузган фирма (видео)

859

Улуттук госпиталда оңдоп-түзөө иштерин аткарган 26 куруучу жалпысынан 400 миң сомдук айлыгын ала албай жүрүшөт. Кечээ курулуш компаниясы жумушчуларга акчаны таптакыр эле бере албасын билдирген. Ал эми Улуттук госпиталдын жетекчилиги маяна үчүн каражатты жаңы жылдын алдында эле которгонун айтууда. Күнү-түнү тынбай иштеп, бирок эмгек акысын ала албаган жумушчулар эми курулуш компаниясын сотко бергени жатышат. Улуттук госпиталды оңдоп-түзөөнү убада кылып, бирок ишти сапатту бүткөрбөгөн бул алгачкы ишкана эмес. Буга чейин дагы бир компания ишти баштап, бирок аны өз мөөнөтүндө бүткөрбөгөндүктөн камакка алынган.