400 жеке турак-жайдын жылуулук түтүктөрү кесилди (видео)

829

Ош шаарында борбордук жылуулук тутумунан ажыратылган жарандар кол топтоп, шаардык прокуратурага кайрылууга камданышууда. Бул тууралуу нааразы тургундар билдиришти. Алардын айтымында, жашоочуларга эч кандай эскертүүлөр, алдын ала түшүндүрүү иштери болгон эмес. Анын үстүнө бир канча жылдан бери жылуулук борборунун кызматын колдонуп келгендиктен, тиешелүү камылга да көрүүгө жетишпей калышкан.

Эске салсак, 1-ноябрь күнү Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашевдин тапшырмасы менен түштүк борбордогу 400 жеке турак-жайдын жылуулук түтүктөрү кесилген. Шаар жетекчилиги бул кадамын көп кабаттуу үйлөргө берилип жаткан жылуулуктун сапатын арттыруу зарылчылыгы менен түшүндүрүшкөн болчу. Бирок жылуулуксуз калган үйлөрдүн тургундары буга нааразы.