Өлүмгө алып келген ала качуу: милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

1653

Ала качууга дуушар болгон кыздын өлүмү менен аяктаган окуядан кийин прокуратура Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Милиция кызматкерлери «өз ишине шалаакы мамиле кылган» деп айыпталууда.

Эске салсак, 27-майда “Сосновка” постунан 20 жаштагы кызды алып качып бараткан шектүү адамдар кармалып, алар Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тартип сакчылары документтерди толтуруп жаткан учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири кабыл алуу бөлмөсүндө отурган кызга кирип барып, эшикти бекитип алып, кызга 5 жолу бычак сайган. 20 жашташы кыз алган жараттарынан улам каза тапкан.

Кол салган киши өзүн да бычактап, ал учурда ооруканада дарыланууда. Прокуратуранын маалыматы боюнча милиция кызматкерлери негизги талаптарды бузуп, кыз менен аны ала качып бара жаткан адамды бир бөлмөгө кароосуз калтырып коюшкан, шектүүнү текшерүүгө алышкан эмес.

Ошондой эле, Чүй областык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин иши да иликтенүүдө. Алар автоунааны токтоткон соң, рапорт жазган эмес, кармалгандардын жанында кесүүчү-атуучу куралдардын бар-жоктугун жана алардын маңзат колдонуп же алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегени текшерилген эмес.