Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналисттер каза болду

1119

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза тапканын «Дождь» телеканалына «Иликтөөлөр борборундагы» эки башка булак бышыктады. Чыгармачыл топ «Вагнердин аскердин жеке компаниясы» жөнүндө документалдуу тасма тартып жүргөн. Алардын курман болгонун Улуттар Уюмунун Борбордук Африка Республикасындагы миссиясы дагы ырастады.

Чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулган. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды.

Буга чейин үч орусиялык киши колдуу болуп, алардын экөөнүн жанынан «Известия» басылмасынын пресс-картасы табылганы кабарланган. «Франс-пресс» агенттиги сөөктөр Сибут шаарынан 23 чакырым жерде табылганын билдирди. Агенттиктин маалыматына караганда, орусиялыктар белгисиз куралдуу топтун колунан каза тапкан.

52 жаштагы белгилүү журналист Орхан Жемал учурунда Ооганстан, Ирак, Ливан, Ливия, Сирия жана Сауд Аравиясындагы куралдуу жаңжалдарды чагылдырган.