44 айыл таза суу менен камсыздалат (видео)

569

Президент Сооронбай Жээнбеков Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин жетекчилерин кабыл алды.

Анда өлкө жетекчиси калкты таза суу менен камсыздоо бул тармактагы көйгөйлөр, өлкөнүн ирригациялык системаларынын реконструкциялоо жана кеңейтүү маселелери курч турганын белгилеп, бул жаатта жумуштарды күчөтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле, бардык иштер сапаттуу аткарылышы керек экенин билдирди.