45-жаштан жогору чыгармачыл адамдарга “Супер кайната” сынагы жарыяланды

824

Кыргызстанда “Супер кайнатаны” аныктоо үчүн сынак жарыяланды. Бириккен улуттар уюму мелдешти Талас, Ысык-Көл, Баткен жана Ош областарында өткөргөнү турат. Ар бир айылдан 45 жаштан жогору, чыгармачыл, аткаруучулук жөндөмү жана тапкычтык шыгы бар төрттөн кайната тандалып алынат.

Таймаштын жыйынтыгында “Супер кайната”, “Акылман кайната”, “Чыгармачыл кайната” жана “Шайыр кайната” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Мындай иш чара аркылуу демилгечилер, жаштар менен улгайган адамдар ортосунда байланыш бекемделет деп ишенет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.