46 киши Ооган согушунун ардагери деген жалган документ алганы аныкталды

877

Кыргызстанда 46 киши Ооган согушунун ардагери деген жалган документ алганы аныкталды. Буга байланыштуу Аскер прокуратурасы Ош шаардык, Ноокат, Кадамжай жана Кара-Суу райондорунун аскер комиссариаттарынын жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Алар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык жасалмачылык, алдамчылык беренелери боюнча айыпталууда. Тергөө учурунда комиссариатта иштегендер жарандар менен өз ара сүйлөшүп алып, согушка катышпаса дагы Ооганстандагы майданга барган деген документтерди жасап бергени аныкталган.

46 кишиге жасалма күбөлүк жана башка документтер берилип, алар ай сайын мамлекеттен 6 миң сомдон жөлөк пул алып турушкан. Мунун кесепетинен 7 жыл ичинде бюджетке 24 миллион сомдук зыян келтирилген.