47-мектептин окуучуларынын мушташы (видео)

697

Өспүрүмдөрдүн ур-токмогуна кабылган мектеп окуучусунун учурда абалы канааттандырарлык. Ал баланын үстүңкү эрди айрылгандыктан, азыл сүйлөй албай жатат. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары билдиришти. Эске салсак, Бишкек шаарындагы №47 мектептин окуучуларынын ортосундагы чатакта 9-класстын окуучусу өзүнөн бир жаш кичүү баланы сабап салган. Анын үстүнкү эрди жарылып, баш мээси чайкалган.

Эми ал бейтапканадан чыккандан кийин дагы дарыгердин көзөмөлүндө болуп турмакчы. Ал ортодо, зөөкүр өспүрүмдүн ата-энеси ички иштер органдарынын кызматкери болгондуктан, алардын баласы жоопкерчиликтен кутулуп кетиши ыктымал, дешет жабыркаган баланын жакындары.