48 депутаттын өздөрүнө катталган турак-жайы жок (видео)

720

Жогорку Кеңештин 48 депутатынын өздөрүнө катталган турак-жайы жок. Бул тууралуу алар 2017-жыл боюнча тапшырган декларациясында көрсөтүшкөн. Алардын арасында буга чейин чоң кызматтарды аркалаган, бизнестен келген депутаттар арбын болгондуктан, бул маалымат коомчулукта, өзгөчө интернетте кызуу талкууланууда. Айрымдар эл өкүлдөрүнүн тамашалаган ырларды жазышса, башкалары аларга акча чогултуп үй сатып берели, деп какшыктап чыгышты.

Эске салсак, буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы кирешеси менен чыгашасы туура келбеген жетекчилердин маалыматтары текшерилип, укуктук баа берилээрин айткан. Эксперттердин пикиринде, мүлктү алып сатуу, ири соода-сатыкты накталай акчага жүргүзүүнү азайтып, электрондоштуруу керек. Ошондо жогорку кызматтагылардын кимиси канча киреше таап, аны кайда жумшаганын көзөмөлгө алса болот, дешет адистер.