5 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы (видео)

1505

Нарын-Торугарт жолунда беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Кырсык Чүй областынын Ысык-Ата районундагы Ивановка айылына жакын айланма жолдо болуп, анда «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан. Алардын бири өрттөнүп кетип, ичиндеги айдоочунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Маалыматтарга караганда, «Тойота Ипсумда» жети киши, ал эми экинчи машинада айдоочу жалгыз болгон. Жаракат алгандардын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Тартип сакчылары кабарлагандай, учурда кырсыктын себептерин аныктоо иштери жүрүүдө.