5 миңдей аймакта жаратылыш кырсыгы катталышы мүмкүн (видео)

1511

Акыркы беш айда жаратылыш кырсыктарында 7 киши каза болуп, материалдык чыгым 1,5 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде өзгөчө кырдаал министри Нурболот Мирзахмедов билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү 5 миңден ашуун аймакта жаратылыш кырсыгы катталуу коркунучу бар. Мындан улам, тиешелүү министрлик өлкөдөгү табият кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн чет элдик донорлордон 20 миллион доллар каражат алууну көздөп жатыптыр. Өз кезегинде депутаттарды «бул акча максаттуу чыгымдалабы» деген суроо кызыктырууда.