5 окуучуну сүзүп, жардам бербестен качып кеткен айдоочу изделүүдө

713

Жалал-Абад областынын Сузак районунда 5 окуучуну сүзүп, жардам бербестен качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул окуя 3-декабрда болуп, «Жалал-Абад — Казарман» жолунун 35-чакырымындагы Сузактын Кара-Чолок айылында жолдо четинде бараткан мектеп окуучуларын «Нива» унаасы коюп кеткен. Бир бала окуя болгон жерде көз жумса, 9-класстын окуучусу баш мээси чайкалып, оң бутунан жараат алып ооруканага түшкөн.

Райондогу Октябрь айыл аймактык ооруканасынын дарыгерлери билдиргендей, жабырлануучунун ички органдарына операция жасалып, учурда абалы турукташууда. Эми анын бутуна да операция жасалуусу күтүлүүдө. Окуучуларды коюп кеткен «Нива» үлгүсүндөгү унаа Таран-Базар айылынан табылды. Ал эми шектүүгө издөө жарыяланып, тартип сакчылары аны издеп жатышат.